Ысык-Көл облусунда "Хизб-ут Тахрир" уюмунун мүчөсү делген киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты. Кылмышка шектүү делген адам Түп районунун 21 жаштагы тургуну экени аныкталды. Учурда ал Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында жатат. Тинтүү учурунда андан диний-экстремисттик мазмундагы китептер табылган. "Хизб-ут Тахрир" Кыргызстандын аймагында расмий негизде тыюу салынган уюм болуп эсептелет. (RK)