Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Анкарада полиция демонстранттарга каршы күч колдонду


Түрк полициясы Анкарада он миңдеген секулярчылар катышкан демонстрацияны таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонуп, суу бүрктү. Түркия Республикасынын негизделишине багытталган дүйшөмбү күнкү бул демонстрация өкмөттүн тыйуу салганына карабай өттү. Калкыган эл “Биз Мустафа Кемалдын жоокерлерибиз!” жана “Түркия дүниябий мамлекет жана дүниябий мамлекет бойдон кала берет!” деген ураандарды чакырышты. Камакка алуулар жана жарадар болгондор тууралуу маалымат жок. Бийликтер коопсуздук чараларына шылтап, демонстрацияны өткөрүүгө уруксат берген эмес болчу.

Мустафа Кемал Ататүрк Осмон султандыгынын ордуна 89 жыл мурда курулган дүниябий Түркия Республикасынын негиздөөчүсү. Республика күнүн майрамдоо акыркы жылдары премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын исламга ыктаган өкмөтү менен секулярчыл оппозициянын ортосундагы ажырымдын символуна айланган.

XS
SM
MD
LG