Кыргызстанда экономикалык божомолдооонун улуттук модели түзүлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Швейцариянын Кыргызстандагы кызматташтык бюросунун өкүлү Турсунай Чодурова билдирди. Анын айтымында, соңку эки жылдан бери бул багытта атайын семинарлар уюштурулду. Каржылык программалоо боюнча эл аралык эксперт Бенедикт Брауманн жергиликтүү мекеме кызматкерлерин окутту. Өкмөттүк аппараттын, Улуттук банктын, Каржы, Экономика министрликтеринин, Статистика комитетинин жана Социалдык фонддун отуздан ашуун кызматкери экономиканын өнүгүшүн божомолдоо ыкмаларына үйрөндү. Алгачкы жыйынтыктар жаман болгон жок. Маселен, семинар учурунда 2011-жылга карата түзүлгөн божомол кийин иш жүзүндө катталган макроэкономикалык көрсөткүчтөргө дээрлик окшош болуп чыкканы айтылууда. (RK)