Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:41

Баткенде аймактык соода-сатык маселелери талкууланды

Баткенде бүгүн экспорт жана аймактагы соода-сатык маселелерин талкуулаган жыйын болуп өттү. Аны Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы уюштурду. Өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн маалымат катчысы Кубатбек Айбашовдун айтымында, талкууга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Тажикстандын Согди облусунун ишкерлери катышты. Айыл чарба продукциясын чет өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолдору талкууланды. Кургатылган мөмө жемиш, бал, күрүч, кыям жана башка азыктар коюлган көргөзмө да өттү. (RK)
XS
SM
MD
LG