“Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай дүйшөмбү күнкү Ташкендеги сүйлөшүү кийинки аптага калды. Буга тараптар кол койуучу келишимдин техникалык шарттары талкууланып бүтө электиги себеп болду.
Борбор Азиядагы энергетикалык айлампа маселеси боюнча үч өлкөнүн энергетика министрлеринин деңгээлинде сүйлөшүү болоору да айтылууда. Кыргыз тарап сүйлөшүүдөн жакшы натыйжа чыгат деген үмүттө. Борбор Азиядагы энергетикалык айлампа боюнча буга чейин Астана, Ташкен шаарларында эки ирет сүйлөшүү болуп, ага кыргыз тараптан “Улуттук электр станциялары” АКнун жетекчиси Медетбек Айткулов катышкан.
Казакстан Борбор Азиядагы энергетикалык айлампадан чыгуу ниетин билдирип келет, алар бул үчүн Өзбекстанды айлампадан мыйзамсыз электр энергиясын алып жатканын айыпташкан. Эгер Казакстан айлампадан чыкса, Кыргызстандын түштүгүнүн бир бөлүгү менен түндүгү электр энергиясыз калышы ыктымал. (ZKo)