Бүгүн Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера балет театрынын 70 жылдыгына арналган “Опера жана балет искусствосунун эл аралык фестивалын” колдоо максатында телемарафон уюштурулат. Ага кыргыз опера балет искусствосун түптөөгө салым кошкондордон тартып, бүгүнкү күнгө чейин бул жаатта эмгектенип келаткан чыгармачыл адамдар, бийлик өкүлдөрү жана жалпы эле опера-балет искусствосуна кайдыгер карабаган адамдар чакырылган.
1942-жылы Кыргыз музыкалуу драма театры В. И. Ленин атындагы Кыргыз мамлекеттик опера балет театры болуп өзгөргөн. Бул театрда Ата Мекендик согуштун оор жылдарында коюлган «Чолпон» балети өтө чоң ийгиликке жетишип, дүйнөнүн 40 мамлекетиндеги көрүүчүлөргө тартууланган. (ZKo)