Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:38

“Сэнди” бороонунун курмандыктарынын саны кырктан ашты


Акыркы маалыматтар боюнча 43 киши суу ташкындын курмандыгы болду, анын ичинен 18и Нью-Йорк шаарынын тургундары деп билдирди бул шаардын мэри Майкл Блумберг. Суу ташкыны каптаган айрым райондордо куткаруу жана издөө иштери уланууда.

“Сэнди” ураганынан Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттары өзгөчө жабыркады, президент Барак Обама бул штаттарды "апааттын өзгөчө аймагы" деп жарыялады. "Сэнди" ураганынан улам АКШнын чыгыш жээгинде 8 миллиондон ашуун үй чарбалар жана фермалар электр энергиясыз жана кароосуз калды. Нью-Йорктун мэри Майкл Блумбергдин айтымында, шаардагы суу каптап токтогон метро бир нече күнгө чейин жүрө албайт, шаарда жыйырмадан ашуун ири өрт чыгып, ондогон имараттар күйдү. Аба, суу, жол жана темир жол кыймылы дагы деле жанданган жок. Ал эми акыркы 130 жылдан бери ишин токтотопой келатып, суу ташкындан улам эки күнгө жабылган Нью-Йорк фондулук биржасы жана Вашингтондогу федералдык кеңселер ишин шаршембиде жандандырары айтылууда.

АКШ президенти Барак Обама шайлоо алдындагы өнөктүгүн токтотуп, бүгүн суу ташкында калган Нью-Жерси штатынын акыбалы менен таанышуу үчүн барары күтүлүүдө.

Суу ташкындан АКШнын экономикасына миллиарддаган доллар чыгаша келтирилгени кабарланып жатат.

XS
SM
MD
LG