Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:58

Салехарддагы 13 кыргызстандыктын айлыгы төлөнүп берилди


Орусиянын Салехард шаарында бир жарым айдан бери айлык маянабызды ала албай жүрөбүз деген 13 кыргызстандык жарандын акчасы толугу бойдон төлөнүп берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлайт.

20-октябрда бул окуя тууралуу "Азаттык" кабарлаган болчу. Салехард шаарында иштеген Мирбек Бекбердинов кыргыз мигранттар күн суукта жатаканадан чыгарылып жатканын "Азаттыкка" билдирген. Анын маалымдашынча, мигранттар иштеген «Спецстрой» фирмасы 20-октябрда 13 кишини жатаканадан чыгып кеткиле деп эскерткен. Мирбек Бекбердинов августтан бери айлыгын ала албаган мигранттар жумушка чыкпай койгондуктан аларга каршы кодулоо болуп жатканын кошумчалаган.

Тюменге Мирбектен башка дагы 12 кыргызстандык жаранды ушул жылдын августунда Сапар Жумабаев деген ортомчу Кыргызстандан алып барган. (RK/AKu)

XS
SM
MD
LG