Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Иран ийге келбесе, Франция жаңы санкция киргизүү зарыл дейт


Франциянын премьер-министри Франсуа Оланд эгер Иран ядролук куралдуу болуу аракетин токтотуу боюнча “конкреттүү кадамдарды жасаганын” тастыктабаса, Тегеранга каршы санкцияны дагы күчөтүү зарыл деп эсептейт.

"Биз бир нече санкция киргизгенбиз. Биз жаңы кадамдарга барганга даярбыз. Биз канча зарыл болсо, Иранга ошончо айтабыз: Ирандан изилдөөлөрүнөн баш тартып, жабдууларын демонтаждаганын күбөлөгөн конкреттүү далилдерди жана эл аралык коомчулук, МАГАТЭ ишенчү аракеттерди талап кылабыз."

Президент Оланд билдирүүнү Парижде Изарил премьер-министри Бенямин Нетаняху менен кездешкен соң жасады. Ал бирок Нетаняхунун Иранга каршы аскерий сокку уруу боюнча сөзүн жактырган жок. Израил жана Батыш өлкөлөрү Иран ядролук бомбанын үстүнөн иштеөдө деп шектенишет.

Франсуа Оланд Израилди палестиндер менен эч кандай алдын ала шарты жок туруп, тынчтык сүйлөшүүсүн улантканга да чакырды.

Израил басып алган жерлерде жаңы жөөт конуштарын курганды токтомоюнча Палестин жетекчилиги сүйлөшүүүдөн баш тарткандыктан, тынчтык сүйлөшүүсү эки жылдан бери токтоп турат.

XS
SM
MD
LG