Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Урагандын кесепеттерине карабай Нью-Йоркто дүйнөлүк марафон болот


Нью-Йорк шаарынын мэри Майкл Блумберг ушул жекшембиге белгиленген дүйнөлүк марафон өткөрүлөрүн жарыялады. Ал шаардагы ишканалар дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген жөөкүлүктөр катышуучу 42 чакырымдык марафондон киреше түшөрүнө үмүт артып жатышканын белгиледи. Мэр жекшембиге чейин шаар дээрлик калыбына келип калат деген ишеничин билдирди.

Өткөн жылы Нью-Йорк марафонунда 47 500 киши чуркаган. Нью-Йорк марафону дүйнөдөгү эң ири жарыш болуп саналат.

“Сэнди” бороонунан шаарда 20дан ашуун киши көз жумду, жалпы апааттан АКШнын жети штатынан 40тан ашык киши өлгөнү айтылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG