Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Ысык-Көл: Майыптарга ыңгайлуу шарт жок


Ысык-Көл облусунда майыптардын коомго аралашып жашоосуна шарт жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Равенство" уюмунун башчысы Гүлмира Казакунова билдирди. Анын айтымында, облус боюнча майыптыгы бар адамдардын жалпы саны 11 миңге жакын. Алардын 3 миңдейи Каракол шаарында жашайт.

Майыптардын көчөгө чыгып, дүкөн-кафе жана социалдык коргоо бөлүмү, салык инспекциясы, мэрия сыяктуу мекемелерге өз алдынча баруусуна шарт түзүлгөн эмес. Пандустар жана кармагычтар дээрлик жокко эсе. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG