Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

Тбилиси аэропортундагы коопсуздук эрежелери өзгөрдү


Грузия президенти Михаил Саакашвили Тбилиси аэропортундагы коопсуздук эрежелерин өзгөрткөн буйрукка кол койду. Президентти кайтарган Мамлекеттик күзөт кызматы эми аэропорттогу VIP терминалындагы коопсуздукту да камсыздамакчы. Терминал чет өлкөлүк расмий делегациялардан тышкары айрым жергиликтүү аткаминерлерди тейлейт.

VIP тизмеге президент, премьер-министр, парламент спикери, Жогорку жана Конституциялык соттордун төрагалары, Грузин православ чиркөөсүнүн патриархы жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү киргизилген. Президенттин кеңсеси жаңы буйрукту чечмелөөдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG