Мурдагы Палестин лидери Ясер Арафаттын орун басары Абу Жихад деген ысым менен белгилүү Халил Вазирди 1988-жылы Тунисте тындым кылганын Израил бейшемби күнү тастыктады. Израилдин аскерий цензуранын уруксаты менен Yediot Ahronot гезити 12 жыл мурда алган маалыматын жана Абу Жихадды жок кылган атайын топтун мүчөсү менен ошондо алынган интервьюну басты. Береги командос эбак жоюлган. Ал операцияга тиешеси бар Эхуд Барак азыр Израилдин коргоо министри, ал эми Моше Яалон вице-премьер-министр.
Абу Жихад Ясер Арафат менен бирге Палестина боштондук кыймылын негиздеген жан ал израилдиктерге каршы уюштурулган бир нече кандуу чабуулдарды уюштурган деп айтылып жүргөн.
Абу Жихад Ясер Арафат менен бирге Палестина боштондук кыймылын негиздеген жан ал израилдиктерге каршы уюштурулган бир нече кандуу чабуулдарды уюштурган деп айтылып жүргөн.