Жалал-Абаддын Аксы районунда чек арачылар үчүн там салынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун акими Медет Айдаралиев билдирди. Курулуш үчүн Кербен шаарынан 60 сотка жер бөлүндү. Америкалык аскер курулуш адистери менен сүйлөшүү жүрүп жатат.
Учурда 25 чек арачы Аксыдагы балдар бакчасында жашап жатат. Акимдин айтымында, бала бакча бир кезде каралбай калып, кийин оңдолгон.
Шаарда 180-200 бала үчүн бакча жетишпейт. Чек ара имараты курулгандан кийин бакча балдарга кайтарылаары айтылып жатат. Кечээ бул маселе парламентте көтөрүлүп, чек арачылар бала бакчаны тартып алды деген сөз айтылган. (YA/RK)