Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Дүйнөлүк банк Бирмага 80 миллион доллар грант берет


Дүйнөлүк банк Бирманын өүнүгүшүнө 80 миллион доллар грант бөлүүнү жактырды. Банк Түштүк Азиядагы бул мамлекетке 20 жылдан бери биринчи жолу жардам берүүдө. Грант айыл жергесиндеги жолдор, көпүрө, ирригациялык система, мектеп, оорукана жана башка социалдык объекттер үчүн бөлүнүүдө.

Дүйнөлүк банктын аймак боюнча вице-президенти Памела Кокстун айтымында, Бирманын бийлиги авторитардык башкаруу жылдарынан кийин өлкөнү реформалоо жолуна түштү, бирок ачыктык жаатында дагы көп иштер жасалууга тийиш. Өкмөт Дүйнөлүк банк жана Азия өнүгүү банкынан алган 900 миллион доллар карызынан кутулса, Бирмага 165 миллион доллар жардам карызга берилүүгө даяр турат, - деди Кокс.

XS
SM
MD
LG