Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Пакистандын Балучистан чөлкөмүндөгү жарылуудан 18 киши набыт кетти


Жарылуу куралчан бир адам май куйуучу чакан жайда турган автобуска ок ачканда болгон. Окуя Хуздар шаарынын жака белинде болгон. Чөлкөмдүн полиция башчысы Сабих Уддиндин айтымында, машинедеги бардык адамдар, арасында 8 аял менен 2 бала каза тапты. Андай көчмө май куйуучу жайлар чөлкөмдө көп. Аларда негизинен Ирандан аткезчилик жолу менен алынып келген бензин сатылат. Балучистанда Пакистандан бөлүнүүнү көздөгөн топтордун зордукчул аракеттери да көп катталат.

XS
SM
MD
LG