Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

Ажылык сапарга кеткендердин алгачкылары келди


Сауд Арапстанга ажылык сапарга кеткендердин алгачкы тобу 2-ноябрда кечке жуук Оштогу аба майданына конушту. Учуп келген 200дөй ажыны миңден ашык адам жерге килем төшөп, айрымдарын жакындары бутун жерге тийгизбей көтөрүп тосуп алганын "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирди.

Кийинки топ 5-ноябрда Бишкекке келет, ажылар 17-ноябрда толук келип бүтүшөт. Быйыл ажылык сапарга Кыргызстандан 4577 адам кеткен, алардын ичинен сапар учурунда кеминде 3 адам каза болду. (AKu/ErN)

XS
SM
MD
LG