Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

АКШда октябрда 171 миң кошумча жумушчу орун түзүлдү


Аналитиктер мындай көрсөткүчтү күтүшкөн эмес. Сентябрдан бери жумушсуздук 0,1 процентке көбөйгөн, себеби амеркиалыктардын көбү ошол маалда иш издей башташкан. Өкмөт жумушсуз деген статусту иш издегендерге гана берет. Жумушчу орундардын көп түзүлүшү шайлоодо президент Барак Обамага пайда алып келиши ыктымал. Себеби 25 ай катары менен жумуш орундары өсүүдө. Ошол эле маалда Обаманын башкаруусу маалында АКШда жумушсуздуктун деңгээли президент Рузвелттен бери ушунчалык жогору болгон эмес. Республикачылардын талапкери Митт Ромни жумушсуздуктун деңгээли “экономика иш жүзүндө алга жылбай жатканынан кабар берет" деди.

XS
SM
MD
LG