Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:03

Ажатканадагы кырсыкта мерт болгон төрт кишинин аты-жөнү такталды


Кара-Суу шаарында асты бузулуп кеткен туалетке түшүп, каза болгон жарандардын бири жашы жетелек улан, калгандары аялдар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын аты-жөнүн жарыялады:

-Ураимова Базаргүл - 1973-ж.т., Ноокат районунун тургуну;
-Аманова Барниса - 1961-ж.т., Кара-Суу шаарынын тургуну;
-Паизова Мендайым - 1958-ж.т., Кара-Суу районунун тургуну;
-Каримов Абдинасир - 1995-ж.т., Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну.

Маркумдардын сөөгү окуя болгондон кийин 10-11 сааттан кийин табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Кырсыкта каза болгондордон тышкары жабыркаган дагы он эки кишинин бешөө ооруканада.

Бүгүн кырсык болгон жерге вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов келип, жабыркагандардын абалын менен таанышты. Вице-премьердин тапшырмасына ылайык, кийинки жумадан тарта Кара-Суудагы бардык коомдук жайлардын коопсуздук абалы текшерилмей болду.


Учурда убактылуу жабык турган Кара-Суу базары - Кыргызстандагы экинчи чоң базар. Ага Кыргызстандын булуң-бурчтарынан тышкары кошуна өлкөлөрдүн жарандары да келип, соода кылып кетишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG