Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

ӨКМ: өткөн тогуз айда 408 кырсык катталды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жыл табигый кырсыктар арбын болгон жыл болуп эсептелет. Тогуз ай ичинде 408 кырсык катталган болсо, анын 357 учуру табигый кырсык. Ар кандай кырсыктардын кесепетинен 35 киши өмүрү менен кош айтышты.

Өткөн жылдын тогуз айында 11 кар көчкү, 61 сел жүрүү учуру катталган болсо, быйылкы жылы бул көрсөткүч бир нече эселеп көбөйүп, 81 кар көчкү, 218 сел катталган. Ал эми кырсыктардан келтирилген материалдык чыгым 900 млн. 648 миң сомду түзгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG