Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Кыргыз парламенти структурасын бекитет


Парламенттин жаңыдан сунушталып жаткан түзүмүн бекитүү бейшембидеги жалпы пленардык жыйында болот. Мурда кабарлангандай, бул маселе бир жума мурунку күн тартибине коюлуп, бирок депутаттардын көпчүлүк добушу менен 8-ноябрга калтырылган. Жаңы түзүм боюнча парламентте 14 комитет иштей баштайт. Бейшемби күнү депутаттар комитеттердин жаңы жетекчилерин да шайлашат. Ушул эле күнү парламентте өкмөттүк күн белгиленген, анда министрлер жана мамлекеттик орган башчылары депутаттардын түрдүү суроолоруна жооп беришет. Ошондой эле өкмөт мүчөлөрү менен кышка даярдык маселеси талкууланарын ЖК басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өткөн шаршембиде парламентке барып, депутаттардын суроолоруна жооп берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG