Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Орусияда миңдеген улутчулдар “орус маршына” чыкты


Орус империясынын ак-кара-сары түстөгү байрагы Москвадагы жүрүштө да көрүндү, 4-ноябрь, 2012
Орус империясынын ак-кара-сары түстөгү байрагы Москвадагы жүрүштө да көрүндү, 4-ноябрь, 2012
Өлкөнүн көптөгөн шаарларында кечээ “Улуттук биримдик күнүнө” карата улутчулдардын марштары өттү. Москвада болсо жөө жүрүш алгачкы жолу шаардын борборунда өткөрүлдү. Ага уюштуруучулар 20 миндей киши чогулду дешсе, полиция адамдардын саны 6 миңден ашкан жок дейт.

Көпчүлүк шаарларда бул акцияларга бийликтер уруксат беришкен. Ал эми Екатеринбургда бийликтердин уруксаты жок эле митингге чыккан 200 адам кармалды. Татарстандын баш калаасы Казанда 50, Нижний Новгороддо 40 киши, Санкт-Петербургда 30 адам кармалды.

Петербургда “Бирдиктүү Орусия” партиясы уюштурган акцияда 10 киши орус империясынын байрагын көтөрүп чыкканы үчүн да камалды. Псковдо болсо уруксат берилген акцияга келген 100 киши “Орус бийлиги орустарга”, “Келечек биздики” деген өңдүү плакаттарды көтөрүп чыгышты.

XS
SM
MD
LG