АКШ президентин шайлоо эртең - 6-ноябрда болот. Сурамжылоолорго ылайык, Американын мамлекет башчылыгына талапкерлер: азыркы президент, демократ Барак Обама менен Республикачы Митт Ромни шайлоодо дээрлик бирдей добуш алуусу ыктымал. Ошол эле учурда айрым бир штаттарда Барак Обама атаандашынан бир аз алдыда экени айтылууда, ал штаттардын арасында Огайо, Висконсин, Нью-Гемпшир, Колорадо жана Айова бар, так ушул штаттардын шайлоочулары президентти тандоого чекит коё алышат деп күтүлүп жатат.
Жекшемби күнү Нью-Гемпшир штатындагы шайлоочулар менен жолугушууда Барак Обама реалдуу өзгөрүүлөргө жетүүгө болгон күчүн жумшарын билдирди. Ал эми Огайодо чыгып сүйлөгөн анын атаандашы Митт Ромни Обама президент учурунда эч нерсеге жетишпегенин айтып, кайра шайланууга татыксыз деди.
АКШ президентин шайлоо элдик добуш берүү менен эмес, Конгрессте белгиленген шайлоо системасы боюнча жүрөт.