Кыргызстанда кант диабетине каршы акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. 14-ноябрга чейин баардык каалоочулар бейтапканаларга барып канындагы канттын деңгээлин текшерте алат.
Кант диабетинин зыяны, анын пайда болуу себептери тууралуу маалымат баракчалары жана китепчелер таратылат. Дарыгерлер өзүнчө жыйын, конференция уюштуруп, тажрыйба жана маалымат алмашат.
1991-жылдан бери 14-ноябрда дүйнө жүзүндө кант диабетине каршы күрөш күнү белгиленип келет. Расмий статистика боюнча учурда дүйнөдө 250 миллион адам бул дартка кабылган. Бирок чынында бул көрсөткүч эки эсе көп болушу мүмкүн экенин адистер айтууда. Соңку жылдары бул оору жугуштуу эмес эпидемия мүнөзүнө ээ боло баштаганы да айтылып келет.
Канда канттын көбөйүп кетиши көрүү органдарын жана бөйрөктөрдү жабыркатып, ириң, жаранын айыгышына тоскоолдук жаратат. (RK)