Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Лаосто Азия жана Европанын лидерлери саммитке чогулду


Европа жана Азия лидерлери Лаостун борбору Вьентьянда 2 күндүк саммит өткөрүшүүдө. Азия-Европа жыйынынын (ASEM) 9-саммитинде эки аймак ортосунда экономикалык кыйын климат учурундагы соодага көбүрөөк көңүл бурулмакчы. Жогорку деңгээлдеги жолугушууну Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясынын (ASEAN) баш катчысы Сурин Пицуван жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозо ачышты. Ага бир топ мамлекеттердин башчылары, жогорку жетекчилери – анын ичинде Франция президенти Франсуа Олланд, орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Германиянын тышкы иштер министри Гвидо Вестревелле жана башкалар катышууда. Күн тартибине ошондой эле глобалдуу экономиканын абалы, Европадагы карыз кризиси, Кытай жана Индия экономикаларынын соңку көрсөткүчтөрүн талкуулоо киргизилген. ASEM Евробиримдиктин 27 жана Азиянын 19 өлкөсүнүн башын бириктирген уюм.

XS
SM
MD
LG