Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Апрелдеги талоончулукту иликтеген комиссия чогулат


Бул тууралуу апрель окуясындагы талап-тоноочулук боюнча иликтеп жаткан парламенттик комиссиянын мүчөсү Курманбек Осмонов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, комиссия бүгүн түштө жыйылат. Жыйынга апрель окуясындагы талоончулукка катышы бар деп айтылып жаткан “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев менен Болот Шер да чакырылган.

“Республика” фракциясынын демилгеси менен 2010-жылдын 7-10-апрелиндеги талап-тоноочулук фактыларын иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн. №1 тергөө абагында камалып жаткандар апрелдеги талап-тоноочулукка “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбековдун тиешеси бар деп айтып чыгышкан. “Ата Мекен” фракциясы муну четке кагып келүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG