Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:41

“Ата Мекен” апрелдеги талоончулук маселесин карайт


Фракция башчысы Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, анда апрель окуясындагы талоончулук тууралуу иликтеп жаткан комиссиянын иши угулат.
Текебаевдин кошумчалагандай, бүгүнкү фракция жыйынында кечээ Интернет аркылуу тараган видеотасма тууралуу да маселе каралат. 5-ноябрь күнү Интернет аркылуу 11-ноябрда Кыргызстанда төңкөрүш болот деген тасма тараган, анда Айсулуу Дүйшөнбекова аттуу аял апрель окуясында талап-тоноого "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин тиешеси бар деп мурдагы жана азыркы депутаттардын атайын тапшырмасы менен айтып жүргөнүн ачыктаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG