Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Сузактагы малдын кырылышы боюнча кылмыш иш сотко өттү


Жалал-Абаддын Сузак районунда быйыл сентябрда малдын кырылганы боюнча кылмыш иш иликтенип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

11 адамга (алардын бешөө мекеме кызматкерлери) Кылмыш кодексинин шалаакылык жана ветеринардык эрежелердин бузулушуна байланыштуу беренелери боюнча айып тагылды.

Малын чечек оорусуна каршы эмдейм деген жүздөгөн малчы жалпысынан эки миңден ашуун баш мал жандыгынан айралган. Койлор ийне салгандан бир нече күн өткөндөн кийин кырыла баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG