Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

АКШда президенттик шайлоо өтүп жатат


Мичиган штатындагы шайлоо бекеттердин бири. 6-ноябрь, 2012-жыл.
Мичиган штатындагы шайлоо бекеттердин бири. 6-ноябрь, 2012-жыл.
Азыр шайлоо бекеттер өлкөнүн континенталдык бөлүгүнүн барында иштеп жатат. Алгачкы бекеттер өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө жергиликтүү убакыт боюнча таңкы алты, Бишкек убактысы боюнча кечки бештен тарта ачылган.

Президент Барак Обама расмий каттоодо турган Иллинойс штатында өз добушун эртелеп эле берип койгон.

Анын республикачыл атаандашы Митт Ромни кезинде өзү губернатор болуп иштеген Массачусетс штатында добуш берди.

АКШ вице-президентти, президент Обаманын шайлоодогу өнөгү Жо Байден
чыгыштагы Деллавэр штатынын Гринвилл шаарында добуш бергенден кийин буларды белгиледи:


-Мен ар бир адам добуш берүү укугун ишке ашырат деп үмүттөнөм. Бул чоң сыймык. Көп жердерде адамдар кезек күтүп турушат. Мен аларды кезекте добуш бергенге чейин турууга чакырам.

Бүгүнкү шайлоо АКШ тарыхында президенттикке талапкер абдан тең-таймашкан, анын жыйынтыгын күн мурунтан айтуу мүмкүн болбогон өнөктүк катары мүнөздөлүүдө.

Коомдук пикирди сурамжылоонун буга чейинки жыйынтыктары эки
талапкердин эл арасындагы бедели дээлик бирдей экенин көргөзгөн.

Бирок шайлоонун жеңүүчүсү жалпы элдин добушунун санына эмес, талапкерлер шайлоочулар коллегиясынын канча добушун алаарына жараша аныкталат.

Шайлоочулар коллегиясында 538 добуш бар, добуштар АКШнын ар бир штатына жана борбор Вашингтонго калк санына жараша бөлүнгөн.

Андыктан, талапкерлер кайсыл бир штатттын шайлоочулар коллегиясынын баардык добушун алыш үчүн, ошол штаттын шайлоочуларынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болушу керек.

Талдоочулар шайлоо жыйынтыгы “арсар” деп аталган 7 штаттын: Флорида, Түндүк Каролина, Виржиния, Нью-Гемпшир, Огайо, Айова, Колорадо, Невада жана Висконсин кандай добуш берерине көз каранды экенин айтышууда.

Барак Обама же Митт Ромни жеңиш үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270не ээ болушу зарыл. (UE)

XS
SM
MD
LG