Полиция кабарлагандай, кечээ Багдаддын түндүгүндөгү аскерий базага жакын жерде дүрмөттөлгөн машине жарылып кеткен. Андан 25 адам набыт болуп, 50дөн ашуун киши жаракат алды. Курман болгондордун арасында бир нече аскер да бар. Кан төгүүлөр Иракта 2006-2007-жылдардагыдан бери бир топ эле азайды, бирок кандуу чабуулдар дале болуп турат. Ошентип, Багдаддан 20 чакырымдай алыстагы Тажи базасына каршы сокку акыркы бир күндө эки жолу кайталанды.
Дүйшөмбү күнү да ошол аймакта дүрмөттөлгөн машине жарылып, сегиз адам жарадар болгон эле.
Дүйшөмбү күнү да ошол аймакта дүрмөттөлгөн машине жарылып, сегиз адам жарадар болгон эле.