Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен “Азаттыкка” маалымдашты. Бишкектеги АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Кристиан Райт:
-Өлкѳдѳн тышкары жүргѳн жарандар алдын-ала шайлоо бюллетендери аркылуу добуш берүү актысына ылайык, шайлоо укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүктѳрү бар. Бул алдын-ала добуш берүү төмөнкүдөй принциптердин негизинде өтөт. Сыртта жүргөн жаран атайын анкета толтуруп, аны ѳздѳрү добуш берүүгѳ укуктуу болгон штаттагы шайлоо өткөрүүчү органынын өкүлүнө жөнөтүп алдын-ала шайлоо үчүн бюллетен сурайт. Эгер анкета жактырылса, анда шайлоо өткөрүүчү органынын өкүлү чет өлкөдө жүргөн жаранга алдын-ала шайлоо үчүн бюллетен жиберет. Ал жаран добуш берип, бюллетенди алдын-ала белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен, бюллетенди элчилик көмөгү менен почта аркылуу жибере алат.
Маалымат боюнча элчиликтин каттоосунда Кыргызстанда жашаган 640 америка жараны турат, бирок жалпысы 2 миңден ашуун америкалык жаран жашайт деп болжолдонууда.
АКШ президенттигине демократ Барак Обама менен республикачы Митт Ромни ат салышты. (BkA/ZKo)