Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо үчүн түзүлгөн шайлоочулардын тизмесин тактоо бир аптадан кийин токтойт. Ар бир жарандын тизмеде бары-жогун тактап, эгер кандайдыр бир каталар болсо билдирүүсүнө берилген бир айлык мөөнөт 14-ноябрдын түнкү саат 12синде аяктайт.
25-ноябрда Кыргызстандын 25 шаарында жана 416 айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлашат.
Буга чейинки шайлоо өнөктүгүндө, 2011-жылдын 30-октябрында президентти шайлаганда көптөгөн кыргызстандык шайлоочулар өзүлөрүн тизмедей таппай калып, добуш берүүгө катыша албай калган. Бирок кийин шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланганда бул мүчүлүштүк шайлоонун жалпы жыйынтыгына кандайдыр бир таасир тийгизбегени айтылган болчу. (RK)