Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайындагы жарандар кыйноого кабылды. Алар 6-ноябрдан бери ачкачылык акциясын өткөрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчынын өкүлү Алима Аманова билдирди.
Анын айтымында, аталган жайда 42 жаран жатат. Экөө – аял, дагы экөө – улгайган адам. “Ушул төртөөнөн башкасынын баарынын денесин караганда токмок жегени байкалып турат”, - дейт Аманова.
Алима Аманова тез жардам чакыртып, облус прокуроруна камактагылардын укугу бузулганы тууралуу арыз менен кайрылды.
Убактылуу кармоочу жайдын администрациясы мобилдик телефонду мыйзамсыз алып жүргөндөрдү аныктоо учурунда алар каршылык көрсөткөнүн айтууда. (EBM/RK)