Сириянын президенти Башар Асад Russia Today телеканалына курган маегинде бийликтен кетүү ниети жок экенин айтты. «Сирияда жашап, Сирияда өлөм», - деди Асад.
Сириялык оппозиция жана Батыш өлкөлөрү Сириядагы куралдуу кагылышты токтотуунун жалгыз жолу - президент Асаддын отставкасы экенин белгилеп келишет. Бир аз күн мурда Британиянын премьер-министри Дэвид Камэрон эгерде Асад бийлигин тапшырып, эммиграцияга кетсе, анын коопсуздугун камсыздоо боюнча кепилдик сунушталышы мүмкүн деп билдирген болчу.
Сирияда он тогуз ай мурун башталган оппозиция менен бийликтин куралдуу кагылышынан өлгөндөрдүн саны 30 миңден ашканы кабарланууда. Өлкөнү таштап качкын болуп кеткендер 450 миңге чукулдайт.