Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Жогорку Кеңеш Шамил Атахановдун талапкерлигин жактырды


Парламент Шамил Атахановду ички иштер министри кылып бекитүүгө макулдук берди. Жаңы эле бул маселени караган парламенттеги 103 депутаттын бирөө гана каршы добушун бергени болбосо, дээрлик бир добуштан Шамил Атахановдун талапкерлиги жактырылды.

29-декабрда президенттин жарлыгы менен мурунку министр Зарылбек Рысалиев кызматынан алынып, анын ордуна ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Шамил Атаханов дайындалган болчу. Атахановдун бул кызматка талапкерлигин буга чейин ЖК фракциялары карап, макулдугун беришкен.

Шамил Атаханов буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG