Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:39

Башар Асад: Батыш Сирияга чабуул жасарына ишенбейм


Сириянын президенти Башар Асад бейшембиде Russia Today телеканалындагы маегинде “Сирияга сырттан аскерий кол салуу болоруна ишенбей турганын” айтты.

"Менимче, эгер Сирияга кол салынса, анын кесепетин бүтүн дүйнө да көтөрө албай калат, - деди Асад. - Анткени непада Сирияда - региондогу секуляризмдин жана стабилдүүлүктүн мекенинде - проблема башталса, ал Атлантикадан тарта Тынч океанга чейинки бүтүн аймакка терс таасирин тийгизет".

Мекенинде куралдуу оппозиция менен былтыр марттан бери согушуп келаткан президент Асад бийликтен кетем деген ниети жок экенин, “Сирияда жашап, Сирияда өлөөрүн” кошумчалады.

Сирия оппозициясынын баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктары үчүн Обсерваториясынан билдиришкендей, бул өлкөдө өкмөткө жана президентке каршы элдик толкундоолор башталгандан бери кагылыштарда 37 миңдей адам өлдү. Алардын көпчүлүгү жайкын тургундар экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG