Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Журналисттердин коопсуздугу талкууга алынат


Бүгүн мамлекеттик орган жетекчилеринин, маалымат каражаттарынын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусунда “Журналисттердин коопсуздугу үчүн ким жоопкер?” деген аталышта тегерек стол өтөт. Анда журналисттердин коопсуздугу маселеси, журналисттин ишине, өмүрүнө коркунуч келтирилген учурлардагы күч кызматтарынын аракеттери жана башка маселелер каралат.

2012-жылы Кыргызстанда журналисттерге өз ишин аткарып жаткан убагында бир нече жолу кол салынган. Бирок бардык эле учурда тартип коргоо кызматтары мындай окуяларга тиешелүү деңгээлде көңүл бөлгөн эмес деп билдиришет иш-чаранын уюштуруучулары.

Кыргызстанда кесиптик ишмердүүлүгү үчүн өмүрүнөн ажыраган журналисттердин арасында Алишер Саипов, Геннадий Павлюк бар. Ошондой эле мурунку бийликтердин тушунда өмүрүнө коркунуч келтирилген бир катар журналисттер чет өлкөлөргө баш калкалап кетүүгө аргасыз болушкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG