Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

Жогорку Кеңеш парламенттин структурасын бекитти


Ага ылайык, бүгүнтөн тарта парламентте 14 комитет иш алып барат. Кечээ кечинде депутаттар ошондой эле комитеттердин жаңы жетекчилерине да макулдук беришти. Ага ылайык:

1. Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагалыгына – Каныбек Иманалиев, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү шайланды;
2. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети – Сайдилла Нышанов, “Ата Мекен”;
3. Экономика жана фискалдык саясат комитети – Карганбек Самаков, “Ата Мекен”;
4. Отун-энергетикалык комплекси боюнча комитет – Кожобек Рысбаев, “Ар-намыс”;
5. Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитети – Жусупали Исаев, КСДП;
6. Укук тартиби, мыйзамдуулук жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети – Кенжебек Бокоев, “Республика”;
7. Этика жана регламент комитети –Айнуру Алтыбаев, “Ар-намыс”;
8. Коррупцияга каршы аракет комитети – Анарбек Калматов, “Ар-намыс”;
9. Адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети – Эркин Алымбеков, “Ата Мекен”;
10. Сот-укук маселелери боюнча комитет –Токтогул Туманов, КСДП;
11. Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети –Каныбек Осмоналиев, “Ар-намыс”;
12. Социалдык саясат комитети –Дамира Ниязалиева, КСДП
13. Коргонуу жана коопсуздук комитети –Токон Мамытов, “Ар-намыс”
14. Бюджет жана каржы комитети – Акматбек Келдибеков, “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү шайланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG