Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Эркеч-Там чек ара тозотун оңдоп-түзөөгө каражат бөлүнөт


Өкмөт Эркеч-Там чек ара тозотун оңдоп-түзөөгө 200 миң сом бөлөт. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Каражат бир айдын ичинде бөлүнүп берилмей болду. Бул тозот Ош облусунун Алай районунда Кытай менен чектешкен жерде жайгашкан. Чек арачылар менен жолугуп, өкмөт башчы алар кыйынчылыктарга карабастан кызматын аткарып келатканы үчүн ыраазылык билдирди. Жоокерлердин жашоо шарты менен таанышып чыкты. Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовдун айтымында, аталган тозот мындан 88 жыл мурда курулган. Анын жанындагы көпүрө да бүгүнкү күндө кооптуу абалда. (RK)

XS
SM
MD
LG