Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:57

Ат-Башыда он гектар чычырканак күйүп кетти


Нарында, Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагында 10 гектар чычырканак күйүп кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Окуя кечээ түш оогондо катталган. Терек-Суу жана Кара-Суу айылдарынын ортосунда 10 гектар чычырканак, бадалдар жана куураган чөп күйгөн. Бир өрт өчүргүч бөлүм жана айыл тургундарынан 30 адам өртүү өчүрүүгө катышты. Учурда кырсыктын себеби такталып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG