Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Кыргыз-тажик чек арасында ондогон оор жүк ташуучу унаа токтоп турат


Кыргыз-тажик чек арасында, Оштун Чоң-Алай районундагы Кара-Мык айылындагы бажы постунда ушу тапта ондогон оор жүк ташуучу унаа токтоп турат. Өзүн Канат деп тааныштырган айдоочунун айтымында, Кыргызстандын чыга беришинде эки жүздөй, ал эми кире бериш жакта онго жакын унаа өтө албай турат. Ал жерде турганына беш күн болду. Чоң-Алайдын акиминин орун басары Ысмаил Тагаев болсо топтолгон унаанын саны кырктын тегерегинде экенин “Азаттыкка” айтты.

Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун “Азаттыкка” айтымында, аталган мекеме тарабынан эч кандай чектөө киргизилген эмес.

Чек ара кызматынын өкүлдөрү да алар кандайдыр бир тоскоолдук жаратпаганын “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаев чектөө алар тараптан жасалганын айтууда:

- Кыргызстан менен Тажикстан 2007-жылы кабыл алган эл аралык каттамдар боюнча келишимдин негизинде ушул эки өлкөнүн гана товарларын киргизип же чыгарууга уруксат бар. Ал эми токтоп турган унаалардын бардыгындагы тең товарлар үчүнчү тараптыкы – Кытайдыкы. Ал эми жеке адамдар боюнча эч кандай проблема жок. Автоунаадагы товарлар боюнча гана маселе бар. Бир гана жол бар – артка кайтуу. (RK/SE)

XS
SM
MD
LG