Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Нариман Түлеевдин иши сотко өткөрүлөт


Бул тууралуу анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратура Түлеевдин ишин тергеп бүттү, ушул дүйшөмбүдө иш соттун кароосуна жөнөтүлүшү мүмкүн.

Ташбалтаевдин кошумчалашынча, 13-ноябрда Бишкек шаардык соту депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын доо арызын карайт.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту Түлеевдин камактагы мөөнөтүн узартып, 15-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин кабыл алган.

Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата-Журт” партиясынан депутат Нариман Түлеевди 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага мэр кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деген айыптар тагылып жатат.

XS
SM
MD
LG