Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган жыйындын демилгечилерининин бири, мурдагы президент Роза Отунбаева билдирди.
Анын айтымында, Австриядагы Грацк университетинде өткөн жыйында Борбор Азия өлкөлөрүнөн кыз-келиндери жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, чөлкөмдөгү аялдардын учурдагы акыбалы, көйгөйлөрү талкууланды.
- Мен жана Европа Кеңешинин Орто Азиядагы элчиси Патриса Флор 45 мүнөттөн доклад окудук. Аялдардын акыбалы азыркы экономикалык өнүгүүнүн күзгүсү деген мааниде. Бизде болгон көйгөйлөрдү айтып берип, аларды кантип чечүү керек жана эл аралык коомчулуктун кызыгуусу жана жардамы кайсы жерде болуш керек деген чоң жана майда маселелерди талкууладык, - деп билдирди Отунбаева.
Ошондой эле Роза Отунбаева Вена Дипломатиялык академиясынын студенттерине да дарс окуган.