Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

"Аруузаттан" атак тапкан Аскат Мусабеков


Ырчы Аскат Мусабеков кичинекей күйөрмандарынын курчоосунда.
Ырчы Аскат Мусабеков кичинекей күйөрмандарынын курчоосунда.

“Аруузатым” ыры менен элге таанылган Аскат Мусабеков учурда чыгармачылык изденүү үстүндө. Элдик ырларды ийине жеткире аткарган жаш ырчы учурда “Кара кыз” аттуу жаңы ырын жаздырып бүттү.

Жаш-карынын сүймөнчүгүнө айланган ырчы Аскат Мусабековдун өнөрканасына баш бактык.

“Аруузатка” куда түшкөндөр көп болгон

Чыгармачыл адамдар “ыр ээсин тапканда гана мыкты чыгармага айланат” деп айтышат. Анын сыңары аткаруучу төп келгенде гана чыгарманын бактысы жарк этип ачылып, эл оозуна алынат турбайбы. Жаш-кары дебей сүйүп уккан “Аруузатыма” чейин Аскат Мусабеков бир нече жолу сахнага чыкса да, калың элдин көзүнө илинбей келген.

Бир күнү Токтогулга барып, Элмирбек Иманалиевдин ушул ырын өзүнүн аткаруусунда угуп ашык болуп калат. Анан обончунун жанын койбой, аке-жакелеп сурап жүрүп акыры көздөгөнүнө жетет:

- “Аруузатымды” биринчи жолу Токтогулдан уккам. Ошондо эле куда түшкөн ырчылар көп болгон. Ошолордун арасында мен дагы бар элем. Эч кимге бербесе экен деп сарсанаа болдум. Кызгандым дегендей... Сурап алып, Бишкекке келгенден кийин ырдап чыктым. Элмирбек байке ичи ачышпай эле берди. Кээ бир обончу, композиторлор бар, чыгармасын сурасаң дароо эле “бул ыр 500 же 1000 доллар турат” дешет. Заман ошондой эмеспи. Бирок Элмирбек байке менден акча сураган жок. “Сатам” деп да айтпады.

"Аруузатым"



Сүйүү тууралуу ыр жаратуу үчүн адамга ошол сезим келиши керек дешет. Элмирбек Иманалиев ырды кандай маанайда жаратканын билбейбиз, бирок Аскат ал ырды аткарган кезде жаңы үйлөнгөн кези экен. “Аруузатым” акжолтой болуп, артынан атак ээрчите келбейби.

Операдан өзүмдү көрө албадым...

Аскат Мусабеков Ат-Башынын кулуну. Карапайым үй-бүлөдө чоңойгон. Таланты эрте эле ойгонгон экен. Мектепти бүткөндөн кийин филармониянын эки жылдык студиясында, андан кийин консерваторияга тапшырат. Дароо эле Кыргыз эл артисти, айтылуу Улукмырза Полотовдун колуна барат. Кыргызда “саяпкер келишсе чобур да күлүк чыгат” деп коёт эмеспи, Аскат ушул даражага жетишине устатынын салымы зор деп эсептейт:

- Улукмырза агай "мен улгайып калган чакта, мүнөзүм жумшарып калган кезде келдиңер" деп калчу. Бизге чейин Кенже Кубатова, Токтобек Асаналиев дагы бир топ ырчыларды тарбиялаган экен да. "Бир нерсени туура эмес аткарса, филормонияга камап алып үйгө кетип калаар элем. Үч-төрт сааттан кийин келсем, тапшырманы аткарып жылбай олтурушчу", - деп көп айтат. Агайдын үнү баритон. Кээде айтканын оюндагыдай аткара албай калсак, “силерге теңелип, тенор болуп калдым” деп бизди урушаар эле.

Аскат Мусабеков тенор үндүү ырчы. Устатынын айтканы менен кетсе, ал азыр опера ырчысы болуп кетмек беле - ким билет? Улукмырза Полотов шакиртин жакшы эле ушул жакка үндөгөн экен. Бирок Аскат ойлонуп көрүп ал сунуштан сылык баш тартат:

- Классикалык романстарды ырдачумун. Мукаш Абдраевди юбилейи белгиленгенде, “Жалыныңа күйгөнмүн” деген романсын симфониялык оркестр менен ырдап чыккам. Тилекке каршы, ал тартылбай да, жазылбай да калды. Ошого өкүнөм. Уккандын баары элдик мотив менен классика айкалышты деп баа беришкен болчу. 4-курска барганда Улукмырза агай "консерваториянын опералык вокал бөлүмүнө которул" деп кеңеш берди. Бирок ойлонуп көрүп андан баш тарттым. Эмнегедир өзүмдү ал жактан көрө алган жокмун да.

Ырдын да ургаачы, эркеги болот

Көрсө ошол кезде Аскат сахнага чыгып калган кези экен. Биринчи жолу Сыймык Бейшекеевдин “Карындашым” аттуу ыры менен тушоосун кесип, андан кийин Калмурат Рыскуловдун “Махабатым” ыры менен чыгат. Дегеле Аскат Мусабеков бул дүйнөдөн эрте узаган жаш обончу Калмурат Рыскуловдун ырларын көп аткарат. Мунун себебин ал обондордун тереңдиги менен түшүндүрдү:

- Обондору башкаларга да, бири-бирине да окшошпойт. Ар бири ар башкача жазылган. Эң башкысы кыргыз жыттанып турат. Элге да жагымдуу. Анан диапозону кенен. 1-1,5 октавадан жогору.

"Күтүү"



Аскат Мусабековдун өзгөчөлүгү өзүнө ылайыктуу гана ырларды тандаганында. Эгер аялзатына ылайык ырлар болсо аткарбасын билдирди:

- Ырдын да, ургаачы, эркеги болот. Бирок азыр ага маани беришпей калды. Эркектер кызга, кыздар эркекке ылайык ырларды аткарып жүрүшөт. Ошону менен ыр ачылбай калат. "Сен кызыл гүл жайнаган" деген ырды кыздар ырдап жүрөт. Эркек кызыл гүл эмес да. “Алымкан” менен “Паризатты” деле айтсак болот.

Залинаны сындап турам...

“Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деп коюшат эмеспи. Дегеним, Аскаттын жубайы Залина Касымова кыл кыякчы. Чыгармачыл адамдар бир үйдө кантип түтүн булатып атат, эрегишүү болбойбу?:

-Тирешүү көп деле болбойт. Залинанын багыты бөлөк, меники бөлөк дегендей. Мен ага сын айтып калам. Азыр кыл кыякчылар залкар күүлөр турса жеңилге качырып калышпадыбы. Бизге окшоп эле аранжировка кылдырып, ойной беришет. Үй-бүлө болгон соң анча-мынча казан-аяк кагышат дечи. Бирок бири-бирибизге карата ич күйдүлүк жок.

Аскаттын ырлары негизинен махабат темасынан турат. Бирок акыркы кезде бул темадан четтеп, балдарга арнап ыр жаздырып атканын билдирди:

- Жакында эле Манас Алымбаевдин “Кара кыз” деген ырын жаздырдым. Жайдары, шаңдуу ыр. Сыймык Бейшекеевдин “Шириним” ырын кайрадан жаздырып атам. Бир жумада даяр болуп калат. Андан сырткары Түгөлбай Казаковдун ырларын ырдагым келет. Агайдын бардык ырын жакшы көрөм.

Аскат Мусабеков бир нече эл аралык фестивалдын жеңүүчүсү. Ысык-Көл-2010 эл аралык фестивалында баш байгени жеңип алган. Кыргыздын өсүп келе жаткан жаш таланты дагы далай өрдү багынтат деп ишенебиз.
XS
SM
MD
LG