Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:12

Кыргызстанда кинофестивалга тасмалар тандалууда


“Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын мекени” аттуу кинофестивалга тасмалар алына баштады. Сыйлыктарды тапшыруу аземии 12-декабрда өтөт. Ага КМШ, Балтика өлкөлөрү жана Грузиянын киночулары катышат. Экинчи жолу уюштурулуп жаткан эл аралык фестиваль боюнча кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров буларды айтты:

- Бул фестиваль кыргыз киносуна абдан пайдалуу болот турган чоң долбоор. Анткени жаңы баштап жаткан киночулар баары бир кыска метраждуу тасмаларды тартуудан башташат. Фестивалда Орусия, Грузия, Балтика, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн мыкты кинолору көрсөтүлөт. Алар биздин жаш киночуларга үлгү болот.

Өткөн жылы сыйлыктар улуттук жана эл аралык деген эки башка бөлүмдө тапшырылган. Эл аралык бөлүмүндө кыргызстандык Алижан Насыровдун “Суу” тасмасы эң мыкты деп табылган. Андан сырткары "Мыкты режиссер", "Калыстардын атайын сыйлыгы", "Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма" деген сыяктуу номинациялары бар. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык менен сыйланат. (AKu)

XS
SM
MD
LG