Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Газа тилкесинде Израил менен палестиндер атышууда


Жекшембиге караган түндөгү израилдик армиянын абадан урган соккусу менен артиллериялык атышууларында кеминде алты палестиналык набыт, отуздан ашууну жарадар болду.

Израилдин Коргоо министрлиги бул соккулар төрт израил аскер түшкөн автоунаа аткылоого алынгандан кийин ишке ашканын түшүндүрдү.

Палестиндер болсо буга жооп катары жекшембинин таңында Газа тилкесинен отуздан ашуун ракета атты. "Азаттык" радиосунун кабарчысы Шаар а-Негев шаарчасында ракета түшкөн жерде төрт адам жарадар болгонун билдирет.

Израилдин коргоо министри Эхуд Барак Израил бийлиги зордук-зомбулуктун мындан ары дагы күчөшүнө жол бербестигин эскертти.

XS
SM
MD
LG