Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:20

Сирия бирдиктүү оппозициясынын лидери тандалды


Ушул күндөрү Катардын борбору Доха шаарында жолугуп, оппозициялык жана революциялык күчтөрдүн Улуттук коалициясын түзүүгө макулдашкан Сирия оппозициясынын өкүлдөрү бул органдын башчысын шайлашты. Анын жетекчилигине белгилүү имам Ахмад аль-Хатиб келди. Ушул жылдын башында Сириядан качып кеткен аль-Хатиб президент Башар Асаддын режимине каршы ыңкылапчыл күчтөрдүн башын кошуп, аны күчтөө милдетин алды. Анын орун басарлыгына мындай бирдиктүү орган түзүү демилгесин көтөрүп чыккан таасирдүү бизнесмен Риад Сейф жана аял активист Шухаир аль-Атасси тандалды.

Сирия оппозициясынын өкүлдөрү буга чейин эмиграциядагы активисттер түптөгөн Сириялык Улуттук кеңеш менен өлкөнүн ичинде башкаруучу режимге каршы кармашып жаткан күчтөрдүн ортосунда пикир келишпестиктер болгон үчүн жаңы блоктун айланасына биригүү чечимин кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG