Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Пентагон генерал Аллендин жашыруун кат алышканын текшере баштады


Генерал Жон Аллен
Генерал Жон Аллен
Пентагон АКШнын Ооганстандагы куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы генерал Жон Аллен Жилли Келли деген айым менен жазышкан каттарын иликтөөгө киришти. Келли буга чейин АКШнын Борбордук чалгын кызматынын мурдагы директору Дэвид Петреус менен никесиз мамиледе болгон деп шектелген Паула Броадвелли коркутуу катын алганын айтып чыккан. АКШнын Коргоо министрлигинин кызматкерлери генерал Аллен менен Келли айымдын 2010-жылдан бери 30 миң барак кат алышканы аныкталганын билдиришүүдө.

Пентагондун башчысы Леон Панетта генерал Алленди иликтөө иштери аяктаганча НАТОнун Европадагы куралдуу күчтөрүнүн башкы командачылык кызматына дайындабай турууну сунуштап, муну президент Барак Обама да колдогону айтылууда.

Буга чейин АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын директору, 60 жаштагы Дэвид Петреустун Паула Броадвелли деген айым менен жашыруун мамилеси ачыкталып, кызматын тапшырган.

XS
SM
MD
LG