АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бүгүн Австралиянын Перт шаарына барды. Ал ушул эле күнү премьер-министр Жулиа Гиллард менен жолугушат. Коопсуздукту талкуулай турган эртеңки жыйынга АКШнын коргоо министри Леон Панетта да катышып, Ооганстандагы кырдаал тууралуу да сөз болот.
Ооганстандагы эл аралык коалицияда 1550 австралиялык аскер бар. Бул НАТОго мүчө болбой туруп аскерий көмөк көрсөткөн бирден бир өлкө болуп саналат.
Ооганстандагы эл аралык коалицияда 1550 австралиялык аскер бар. Бул НАТОго мүчө болбой туруп аскерий көмөк көрсөткөн бирден бир өлкө болуп саналат.