Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Эштон: Евробиримдик сириялык жаңы оппозицияны колдойт


Кэтрин Эштон Каирдеги жыйында сүйлөп жатат. 2012-жылдын 13-ноябры
Кэтрин Эштон Каирдеги жыйында сүйлөп жатат. 2012-жылдын 13-ноябры
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кэтрин Эштон Сирия оппозициясынын жана Революциялык күчтөрдүн Улуттук коалициясы деп түзүлгөн оппозициялык жаңы күчтү колдоого алаарын айтты. Эштон бүгүн Каирде өтүп жаткан Евробиримдик жана Араб лигасынын жыйынында буларды айтты:

- Сириядагы кырдаалды трагедия деп айтсак болот. Ал бир гана Сирияга эмес, бардык аймактарга да залакасын тийгизүүдө. Бул жерде отурган өкүлдөрдүн баары качкындардын көйгөйүн жакшы билишет. Биз Сирия элин колдообузду улантып, дагы бекемдешибиз керек.

Буга чейин Вашингтон да Сирия оппозициясы түзгөн жаңы коалицияны колдой турганын билдирген. Сирия оппозициясынын жана Революциялык күчтөрдүн Улуттук коалициясы деп аталган оппозициялык жаңы күчтүн лидери болуп диниятчы Моаз ал-Хатиб шайланган.

XS
SM
MD
LG